«Соң-Көл» орто мектебинде 26 окуучу бүтүп жатат. Алар кайсы кесиптин ээси болгулары келээрин жана кайсы окуу жайга тапшыргысы келээрин билгенге аракет кылдык

11-класстын окуучусу Адис Арслан уулу
«Мен азырынча окуу жайларды карай элекмин. Эми ЖРТынын жыйынтыгы чыкса окуу жайларды карап көрөм. Өзүмө ылайыктуусуна тапшырам. Кесип жагына келсек IT жаатына баргым келет.»-дейт Адис Арслан уулу

Жаңыл Бекжан кызы
«Мен башынан эле кийим түгүүгө кызыгам Дизанейр болсомбу деп жатам. Мага өзүмө жагат.»-дейт Жаңыл Бекжан кызы.

Тынчтык Жапаркулов
«Ар бир бала кичинекей кезинен эле милиция кызматкери болом деп кыялданса керек. Ошондой эле мен дагы кичинекей кезимден бери милиция кызматкери болууну көздөп келем.»-дейт Тынчтык Жапаркулов

Анара Бактыбек кызы
«Мен IT багытына кызыгам, себеби бул дүйнө жүзүндө жоголбой турчу кесиптердин бири. Техналогия өнүгүп жаткандыктан тандадым.»-дейт Анара Бактыбек кызы

Малик Абдымамытов
«Мен мекен үчүн кызмат кылып, аскерге барам андан соң аскердик кызматты аркалап, эл-жер үчүн ак кызмат өтөйм. Мекенге болгон сүйүмдү ушинтип далилдей алам деп ойлойм.»-дейт Малик Абдымамытов

Алина Талантбек кызы
«Мен Кыргыз Улуттук Университетине тапшырайын деп ойлоп жатам. Кыргыз тили филалогия факультетине. Келечекте Кыргыз тили жана адабият мугалими болом.»-дейт Алина Талантбек кызы

Аскар Эрлан уулу
«Мен программист болууну тандадым. Азыркы заман өнүккөнүнө байланыштуу. Азыр баары техналогия менен байланышкан ошол себептен програмист болууну чечтим. Бул кесип өзүмө дагы жагат.»-дейт Аскар Эрлан уулу.

Назик Максат кызы
«Мен келечекте ангилис тилинен котормочу болоюн деп чечтим. Жусуп Баласагын аттындагы Кыргыз Улуттук Университетине тапшырайын деп жатам»-дейт Назик Максат кызы
Айпери Марлес кызы