Сон Кол

«Көчмөндөр оюнунан» тажрыйба алып,өнөрүн өркүндөтүүгө бел бууган кол өнөрчү

9 Сентябрь 2026 жыл 12:22
Көрүүлөрдүн саны: 13

Кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү — атадан балага өтүп, кылымдар бою сакталып келген баалуу мурас. Аны бүгүнкү күндө улантып, заманбап шартта өнүктүрүп, кийинки муунга өткөрүп берүүдө жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн салымы чоң. Алардын бири — Бүбүжамал Искендерова. Ал бала кезинен бери түймө түйүүгө кызыгып, кол өнөрчүлүктү жүрөгүнө жакын кесип катары көрүп келет.

Бүбүжамал Искендерованын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Өзгөчө түймө түйүүгө кызыгып, бул өнөрдүн сырларын өздөштүрүүгө аракет кылган. Жаш кезинен эле колунан көөрү төгүлгөн уздарга кызыгып, улуттук буюмдарды жасоого умтулган. Анын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусунун дагы бир чоң далили — 30 жашында кыргыздын улуттук жасалгаларын камтыган боз үй жасаганында. Боз үйдү жасоо жана тигип-көтөрүү — чоң эмгекти, чыдамкайлыкты жана улуттук салтты билүүнү талап кылган иш. Бүбүжамал Искендерова ошол учурда бул ишке кызыгуу менен киришип, өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн сынаган. Бирок турмуштун башка түйшүктөрүнөн улам бир мезгилде түймө түйүүнү токтотуп койгон.

Телефон кайрадан унутта калган өнөргө жол ачты

Убакыт өтүп, технология өнүккөн сайын Бүбүжамал Искендерованын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу кайра ойгонгон. Айрыкча телефон аркылуу интернеттен түймө түйүү боюнча ар кандай видеолорду көрө баштаган. «Видеолорду көрүп отуруп, кайрадан кызыгуум артты. Мурун билгендеримди эстеп, билбегендеримди үйрөнүп, кайра түймө түйө баштадым», — дейт ал. Ошентип, бир кезде токтоп калган өнөр кайрадан анын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айланган. Алгач жасаган түймөлөрүн туугандарына белек катары берип жүргөн. Кийин анын колунан чыккан буюмдарга кызыккандар көбөйүп, буюмдарды сатып алууну каалаган кардарлар чыга баштаган. Ушундайча хобби акырындык менен чакан ишкерликке айланган.

 Өнөрдөн — киреше, кызыгуудан — чакан бизнес

Бүбүжамал Искендерова бүгүн түймө түйүүнү жөн гана бош убакытты өткөрүү үчүн эмес, өзүнүн чакан бизнеси катары да өнүктүрүп келет. Кардарлардын саны көбөйгөн сайын буюмдардын түрүн да кеңейтүүгө аракет кылууда. Анын айтымында, кол эмгеги менен жасалган буюмдарга кызыгуу бар. Өзгөчө улуттук кол өнөрчүлүккө кызыккан адамдар даяр буюмдарды сатып алууга аракет кылышат. Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн түймөнүн артында көп убакыт, эмгек, чыдамкайлык жана кылдаттык турат. Ар бир буюмду жасоодо кол өнөрчү майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруп, сапаттуу жана көркөм болушуна аракет кылат. Ал бул иш менен күн сайын алектенет. Демек, анын кол өнөрчүлүгү убакыт өткөн сайын тажрыйба менен коштолуп, өнөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берип келет.

Көчмөндөр оюндары — өнөрдү элге тааныткан чоң аянт

Бүбүжамал Искендерова үчүн кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жеке киреше табуунун гана жолу эмес. Ал өзүнүн өнөрүн жаштарга үлгү катары көрсөтүүнү да максат кылат. Ушул максатта ал өз демилгеси менен «Көчмөндөр оюндарына» катышып келүүнү чечкен. «Көчмөндөр оюндары» ага кол өнөрчүлүктүн канчалык бааланарын дагы бир жолу түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ал жерде кыргыздын улуттук маданиятына, салт-санаасына жана кол өнөрчүлүгүнө болгон кызыгуу жогору экенин көргөн. Көчмөндөр оюндарына барганда анын эмгегине жакшы баа берилип, бир нече сыйлыктарга татыган. Бул анын өзүнө болгон ишенимин арттырып, кол өнөрчүлүктү мындан ары да өнүктүрүүгө дем берген.

«Кырчындан менден да күчтүү, кыйын өнөрчүлөрдү көрдүм. Алардын иштерин көрүп, тажрыйба алмашып келдим», — дейт Бүбүжамал Искендерова. Анын сөзүнө караганда, «Көчмөндөр оюндары» бир гана мелдеш эмес, ар кайсы аймактан келген кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирип, бири-биринен тажрыйба үйрөнүүгө шарт түзгөн чоң аянт болгон. Ал жактан көргөн өнөрлөрү, жаңы ыкмалар жана тажрыйбалуу уздар менен болгон баарлашуусу Бүбүжамал Искендерова үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон.

«Үйрөнөм деген жаштар болсо, үйрөтөм»

Бүбүжамал Искендерованын негизги көйгөйлөрүнүн бири — кол өнөрчүлүккө кызыккан жаштардын аздыгы. Анын айтымында, азыр жаштардын көпчүлүгү заманбап технологияларга, башка кесиптерге кызыгып, кол өнөрчүлүктү үйрөнүүгө убакыт бөлө бербейт. Ошол эле учурда бул өнөрдү үйрөнүүгө чын ниети менен кызыккан жаштар болсо, аларга билгенин үйрөтүүгө даяр. «Бул өнөрдү үйрөнөм, алып кетем дегендер болсо үйрөтөт элем», — дейт ал. Бул сөздүн артында кол өнөрчүлүктү сактап калууга болгон чоң каалоо турат. Анткени ар бир өнөрдүн келечеги аны кийинки муунга ким өткөрүп берерине байланыштуу. Кол өнөрчү үчүн түймө түйүү — жөн гана жипти чырмоо эмес. Бул — кыргыздын улуттук маданиятынын бир бөлүгү, аялзатынын колунан жаралган чыгармачылык жана ата-бабадан калган өнөрдү улантуу.

 Өнөрдү сактоо — аны үйрөтүүдөн башталат

Бүгүн  Бүбүжамал Искендерова күн сайын колуна жип алып, түймө түйүп келет. Бир кезде токтоп калган өнөрүн кайра жандандырып, аны чакан бизнеске айлантып, ошол эле учурда жаштарга үлгү болууга аракет кылууда. Анын тарыхы бир нерсени далилдейт: адам чын дилден кызыккан ишин кайра жандандырып, аны киреше алып келүүчү ишке айланта алат. Ал үчүн кызыгуу, эмгек жана тынымсыз изденүү керек. Ал эми «Көчмөндөр оюндары» сыяктуу чоң маданий иш-чаралар мындай өнөр ээлерине өз эмгегин элге көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана улуттук кол өнөрчүлүктүн баалуулугун дагы бир жолу сездирүүгө шарт түзөт. Кол өнөрчүнүн тилеги — өзү билген өнөрдү жалгыз алып калбастан, аны үйрөнүүгө кызыккан жаштарга өткөрүп берүү. Анткени кол өнөрчүлүк жашаган жерде улуттук мурас да жашайт. Ал эми өнөрдү билген адам аны кийинки муунга үйрөткөндө гана мурас үзүлбөйт.

Бурул Майрамбек кызы