Сон Кол

Соң-Көл: Комуз күнү-комуз менен коштолду

9 Сентябрь 2022 жыл 19:37
Көрүүлөрдүн саны: 68

«Соң-Көл» орто мектебинин таланттуу окуучулары 9-сентябрь «Комуз күнүнө» карата чакан концерттик номер тартуулашты.

Линейка Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.  Алгач комуз күүлөрү жаңырып, андан соң окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. 11-класстын окуучусу Сезим Алмазбекова комуз жөнүндө өз докладдын окуп, жалпы окуучуларга кызыктуу маалыматтарды бере алды. Андан соң мугалимдер тарабынан да маалыматтар айтылып салтанаттуу линейка жабык деп жарыяланды.

Жасмина Мырзабекова