Сон Кол

Подкаст: «Соң-Көл баяны»

12 Сентябрь 2022 жыл 21:16
Көрүүлөрдүн саны: 55

Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери ар дайым айылдын тургундары, мектеп окуучулары менен биргеликте Соң-Көлдү сактоо максатында иш-чараларды өткөрүп келет. 

«Соң-Көл баяны подкастыбыздын 3-сериясында Каратал-Жапырык коругун директору Бакыт Чороев менен маектешмекчибиз. Бүгүнкү маекибиз Соң-Көлдү сактоо боюнча кандай алгылыктуу иштер жүрүп жатат, долбоордук иштердин аткарылышы кандай, көлдү канткенде сактап калабыз жана башкалар тууралуу болмокчу. Подкасттын негизги максаты: Жаратылышка аяр мамиле жасоо, Соң-Көлдү сактоо.

 

Медина Максат кызы

Бул подкаст Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Akademie Уюмунун колдоосунда Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги ишке ашырган долбоордун алкагында уюштурулду.