Сон Кол

Төлөк: «Соң-Көл канаттуулары: Тоо казын коргойлу» фестивалы

7 Сентябрь 2023 жыл 5:58
Көрүүлөрдүн саны: 84

Төлөк айылында  Соң-Көлдүн  биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жана  туруктуу жашоо каражаттарын өнүктүрүү максатында CAGдын колдоосу менен райондук деңгээлде фестиваль болуп өттү. 

Фестивалдын максаты жергиликтүү коомчулукту жана жаштарды Соң-Көлдүн экосистемасын сактоого тартуу жана келгин канаттуулардын жашоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө жана тоо каздарынын жок болуп кетүү коркунучуна көңүл буруу, ошондой эле жергиликтүү тургундардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу айлана-чөйрөнү коргоо, сыяктуу Келгин канаттуулардын айрым түрлөрүнүн тукум курут болушу биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы үчүн жергиликтүү, улуттук жана дүйнөлүк деңгээлдеги коркунуч болуп саналат.

Фестивалга Кочкор районунун Сары-Булак, Чолпон жана Кочкор айыл аймактарынын активисттери, мектеп окуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жайыт пайдалануучулар коомдорунун өкүлдөрү, Биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (ӨБ) сактоо департаментинин өкүлдөрү. КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу, Нарын облусунун райондук жана облустук администрациясы, эксперттер, орнитологдор, массалык маалымат каражаттары, «Насыят» биомаданий ар түрдүүлүк тармагынын мүчөлөрү катышышты.

Фестивалда мектеп окуучулары «Устат-Шакирт» театрынын актерлору менен биргеликте  чакан сценка коюшуп, коомчулукту жаратылышты коргоого, экологияга кайдыгер карабоого, Соң-Көлдү, андагы канаттууларды, жайытты, балыктарды, өсүмдүктөрдү коргоого чакырык ташташты.  Кочкор районун акимини орун басары Турсунбек Бактыгулов өз сөзүндө бул иш-чараны мындан ары колго алаары жөнүндө билдирүү калтырды.

Андан сырткары фесивалда окуучулар арасында «Жаратылыш койнунда» аталышындагы сүрөт сынагы болуп, мыкты сүрөтчүлөргө ИСУР фонду бааллуу белектерин тапшырды. Аны менен катар айыл тургундары арасында «Адамдардын жаратылышка аяр мамилесин чагылдырган ырымы,ритуалы,салты», «Салттуу тамак», «Жаратылышка байланышкан макал-ылакаптар» сынагы болуп, сынактын жеңүүчүлөрү айыл өкмөтү тарабынан сыйлыктар, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бурул Майрамбек кызы