Самыйбек Осмоев менен жубайы Жылдыз Асанакунова көп жылдан бери этнотуризм жана кол өнөрчүлүк менен алектенип келишет. Алар университеттин көркөм графика бөлүмүн бүтүрүшкөн. Учурда Тоң районундагы “Алмалуу” этно-айылды биргеликте дүйнөгө таанытып жаткан учуру.
Самыйбек Осмоев менен Жылдыз Асанакунова “Алмалуу” этно-айылды мындан 9жыл мурун түптөп башташкан. Бул лагерди ачуунун башкы максаты Тоң районундагы касиеттүү, уникалдуу жер-сууну дүйнөгө таанытуу жана табиятты коргоо болгон. Учурда бул жубайлардын иши районго эле эмес республикага, чет өлкөлөргө тааныла баштаган.

Бүгүнкү күндө Жылдыз Асанакунова менен Самыйбек Осмоев этно-айылдын ишин жөнгө гана салбастан, андагы баардык иштерди өздөрү кылышат. Туризмде бул аялдын, бул эркетин жумушу деген болбойт, колубуздан келгенин намыстанбай атандашуусуз жасай беребиз-дейт Самыйбек Осмоев: «Алгач этно-айылды 3 боз үй менен баштаганбыз, учурда 18 боз үйгө жеткирдик.. Жубайым экөөбүз тең чыгармачыл адамдарбыз, Караколдогу көркөм графика факультетин аяктаганбыз. Кесибизбиз боюнча мугалибиз.Алгач мугалим болуп иштегенбиз. Андан соң туризм жагын колго алалы деп чогу иш баштадык. Туризмде ар кандай иштер көп, бул эркектики, бул аялдыкы дебестен, кээде мен жасачу жумушту жубайым жасап коет, жубайым жасачу жумушту мен жасап коем. Туризмдин жакшы жери сен, мен дешмей жок. Этно-айылга туристтер көп келгендиктен даамдуу тамактар бизде жасалып турат. Мен тамактардын ичинен таш кордону өзүм даярдайм.Бул дагы өзүнчө өнөр деп ойлойм. Бул тамак боюнча мактоолорго татып журом.»

Самыйбек Осмоев менен Жылдыз Асанакунова этно-айылдан сырткары 3жылдан бери Тескей геопаркын ачышкан. Анда Тоң районуна кирген 42 уникалдуу жер-суулар киргизилген. Учурда ЮНЕСКО уюмуна 8 уникалдуу жерлерди киргизип, статус алуу иштери менен алектенип жаткан учуру.
«2-3жылдан бери кийинки урпактарга жаратылышыбызды сактап калалы деп умүт менен геопарк боюнча иш алып баратабыз. Буюрса статус алабыз деген ниеттебиз. Жубайым экөөбүз геопарк үчүн көп жумуш жасадык. Жубайым көрсотмөлөрдү көп даярдайт, бул тааныштырууда керек нерсе экен.»
Жубайлардын кесиби бир болгондуктан алар ар дайым долбоорлорду бирге ишке ашырышат, Геопаркты ачууда да алардын чыгармачылык идеалары дал келгендиктен, ар бир иш тез жана таасирдүү болот.Бүгүнкү күндө этно-айылдын дээрлик бөлүгү экологиялык таза нукураалуулукту көргөзүп турат.

Бурул Майрамбек кызы