Кесип тандоодо көпчүлүгү сыртка чыгып иштөөнү тандашат. Алардын көбү жогорку билим албай эле күнүмдүк жумушта иштеп акча тапса болот деген түшүнүктө жашашат. Бирок, чет жакка билим издеп же алган билиминин негизинде ишкердик кылам дегендер да бар.

Сон-Көл мультимедиа борборнун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы «Чет өлкөдө иштеген айым» материалынын негизинде даярдаган Германиядагы ишкер айым Назгул Сатаева тууралуу 9-10-11-класстын окуучуларына семинар-сабак өткөрдү. Анда Назгүл Сатаеванын ишмердиги Кыргызстанда башталып кийин Германияда кантип уланганы тууралуу айтылды. Анын жасаган иштери окуучуларга стимул болуп, алардын айрымдарынын оюн да өзгөрткөн.

Семинар-сабакка 30дан окуучу катышып, алар Назгүл Сатаеванын ишмердигинен сырткары Германияда канча кыргыз мигрант бар, алар кандай кызматта иштешет жана башка ушул өндүү суроолорго жооп ала алышты. Семинар-сабакка катышкан айрым окуучулар өздөруңуң ойлору өзгөргөнүн жашырышкан жок.



Хадижа Төлөбалдиева