Сон Кол

Ар улутту бириктирип, медициналык борборду жетектеген Клара Курбанова

11 Декабрь 2023 жыл 16:59
Көрүүлөрдүн саны: 70

Клара Курбанова Новосибирск шаарына «АнДар» аталышындагы медициналык борборду мындан 8 жыл мурун ачкан. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат.

Клара Курбанова Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 1990-жылы мектепти аяктаган соң, билим издеп Россия мамлекетине жөнөгөн жаштардын бири болгон. Россияга барган соң Новосибирск шаарындагы Курулуш Университетинин “Экономика жана башкаруу” факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Клара Курбанова кесиптештери менен (солдон оңго үчүнчү)

“Жогорку окуу жайды аяктаган соң алгачкы жылдары Новосибиск шаарындагы паспорт берүүчү бөлүмдө иштедим аны менен катар миграция кызматында да бир аз эмгектендим. Туруктуу жумуш таап иштөө менен эле чектелбей, ушунчалык мекенчил сезимим күчтүү болдубу кесиби бар туруп мигрант болуп келген адамдардын башын бириктирип бир иш кылайын деп ойлондум. Анан жолдошум экөөбүз акылдашып медициналык борбор ачууну туура көрдүк. Бул борбордун атын кайын атамдын атынан койдук “АнДар” деп. Бул атты чечмелей келсек “туруктуу”, “алдыга”, “таза” деген маанини билдирет. Ошентип, ишти баштадык, билими бар кызматкерлерди жумушка алдык, жумушчулар ар улуттун өкүлдөрү болду. Биринчи эле жумушту санитардык эрежеледи сактоодон баштадык, иштөө графигибизди түздүк анан эң негизгиси кызмат көрсөтүүнүн акысын (баасын) төмөн кылганга аракет кылдык. Анткени, Новосибирск шаарында миграттар көп, анан аларга ыңгайлуу болсун дедик”-дейт “АнДар” медициналык борбордун жетекчиси Клара Курбанова.

«АнДар» клиникасында 20дан ашык медициналык кызмат көрсөтүлөт

“АнДар” медициналык борбору официалдуу лицензиясы бар, катоодон өткөн борбор болгондуктан, ай сайын мамлекетке салык төлөп турат. Медициналык борборго Орто Азиядан келген миграттар гана эмес, жергиликтүү эл дагы келип көрүнөт жана ал жакта 20дан ашык кызмат көрсөтүлөт. Анализдин баардык түрү кабыл алынат. Тактап айтканда, УЗИ баардык ооруларды көрүп аныктап берет, аны менен катар тажрыйбалуу уролог, хирург, кардиалог, невролог, акушер-гинеколог, балдар дарыгери, тиш доктурлар жана башка кызматкерлер эмгектенишет. Мигрант жана жергиликтүү келиндерди кош бойлуу кезинде каттоого алып, 9 ай боюу көзөмөл кылышат. Кызмат көрсөтүү талапка жооп бергендиктен келген бейтаптардын аягы суюлбайт.

 

“Бизде жумушта кырдаалга байланышкан сыртта иш болуп калса, дароо группа түзүп тезинен жардам көрсөтөбүз. Мисалы: КОВИД-19 учурунда борбордогу кызматкерлер миграттарга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп жаттык. Майыптыгы бар адамдарга клиниканын комиссиясы токтом чыгарып, бекер медициналык кароодон өткөрүп беребиз. Негизи эле 8 жылдан бери, “АнДар” клиникасында 25-30дан ашуун кызматкерлер эмгектеништи, алардын баардыгы билими жогорку, тажрыйбалуу кызматкерлер. Жаштарды да жумушка алып аларга өз тажрыйбабызды үйрөтүп келебиз”.

КОВИД учурунда талыкпай иштеп келген кесиптештери менен

 

Сыйлык-сыймык!

35 жылдан бери Россия мамлекетинде иштеп, бир нече адамдын башын бириктирип, аларды иш менен камсыз кылып келе жаткан Клара Курбанова коллективи менен Кыргызстанга тур кылып эс алып кетүүнү адатка айлантышкан. Өз мекенине келип тоо койнунда эс алып, андан энергия алган Клара Курбанова тоолук кыз экенине сыймыктанат.

Бурул Майрамбек кызы