Сон Кол

Новосибирск шаарындагы Клара Курбанованын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасалды

25 Декабрь 2023 жыл 15:06
Көрүүлөрдүн саны: 58

Новосибирск шаарына «АнДар» аталышындагы медициналык борбор мындан 8 жыл мурун ачылган. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат. Аны Ош облусунан барган Клара Курбанова жетектейт.     «Соң-Көл»жамааттык мультимедиа борбору ишкер айымдын ишмердүүлүгү тууралуу 9-10-11-класстардын окуучуларына презентация жасады.

Перзентацияны Майрамбек кызы Бурул жасады

Окуучулар медицина багытына көп кызыгышат, алар бул кесип менен айыл жергесине иштөөнү туура көрүшөт. Анткени айыл жергесинде медицина кызматкерлери жетишсиз экенин билишет. Эркек балдар көбүнчө тиш доктур болууну жактырышат. Алар Клара Курбанованын көп улутту бириктирип чет жерде иштеп жаткандыгын абдан баалашты.

 

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 4 окуучу медицина багытына тапшырып өз өлкөлөрүнө кызмат кылышат. Ал эми ЖРТ жыйынтыгына карап сыртка иштөө кете турган окуучулар да бар экенин жашырышкан жок.

 

Бурул Майрамбек кызы