Төлөк айылына чоң жолдун боюна тарбиялык мааниси бар баннерлер өкмөттүн каржылоосу тарабынан илинди.
Ал баннерлер айылдагы жолдун боюнагы атайын орундуктары бар эки жерге коюлду. Анын узундугу 2 метр, туурасы бир жарым метр. Бул баннерлерди илүүнүн максаты: эң биринчи айылдагы тазалыкты сактоого, экологияны коргоого чакырык ташталган, тарбиялык мааниси бир нече ыр саптарынан турат. Баннерлерге кеткен чыгымды өкмөт каржылап берди. Бул баннерлер 4 айда бир алмашылып турат, алмаштырууга кеткен чыгымды өкмөт дайыма каржылайт. Баннерлерди убагында алмаштырып туруу жага жана көзөмөлгө алуу жагы айыл башчыга милдеттендирилген.

Жасмина Мырзабекова