Сон Кол

«Төлөк биримдиги» коомдук фонду түзүлдү

9 Февраль 2024 жыл 12:50
Көрүүлөрдүн саны: 55

Төлөк айылынын жаштары атайын чогулуш өткөрүшүп,»Төлөк биримдиги» аталышындагы коомдук фонд түзүштү.

Төлөк айылындагы коомдук фондду түзүү идеасы жаштар аркылуу ишке ашкан. Фондго айылдын жаштары өз ыктыяры менен мүчө болушту. Фондду түзүүнүн максаты элдерге материалдык  жардам көрсөтүү. Жаштар фондго алгач мал чогултуу менен баштаган.Ошонун жыйынтыгында фондго бир нече мал чогулган, аны фонддун мүчөлөрү жана айылдагы колунда барлар беришкен.

Чогулган малдар Төлөк айылынын ичине гана жумшалат. Бир ай ичинде фондго 32 баш эчки  чогулган. Андан сырткары фонддо азыркы учурда 2 ат, 1 бука жана акча каражаты сакталып турат. Аттарды жайында сугат иштерине пайдаланышат. Ал эми айылдагы 6 үй-бүлөөгө 5 тен эчки берилди. Ал эчкилерди кышы менен төлдөтүп, күзүндө төлүн алып калып, накталай алган башын кайра фондго кайтарып берет. Фондду жаштар көзөмөлгө алышып, таратылган малды комиссия аркылуу берип турушат.

Жасмина Мырзабекова