Төлөк айылындагы негизги көчө деп саналган Исмаил уулу Акмат көчөсү толугу менен жарыктандырылды.

Көчөгө коюлган жарыктардын саны 26 даана. Ал жалпысынан 1500км жерге коюлду. Бул долбоор Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылып Райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Жалпысынан бул жумушка айыл тургундарынан 5 адам жумушка тартылган. Алар булар бул ишти 4 күндө бүтүрүп, жалпы 16 000 сом эмгек акы алышкан.

Бул долбоорду Сары-Булак айыл өкмөтүнүнө караштуу Төлөк айылынын айыл башчысы Алтынбек Асыранкуловдун демгилгеси, көзөмөлү менен ишке ашырылып толугу менен ишке кирген.

Айылга жарык берүү кечки 8ден таңкы 6га чейин жандырылып турмакчы.
Жасмин Мырзабекова