Сары-Булак айыл өкмөтүнүн карамагындагы үч айыл аймагынын тургундарына, өкмөт кызматкерлерине, активисттерге ИСУР коомдук фонду тарабынан Соң-Көлдү сактап калуу боюнча атайын окуу өткөрүлдү. Окуунун алкагында 2024-2025-жылдарга карата пландар түзүлүп, тиешелүү топтор бекилди.

Окууну ИСУР коомдук фондунун менеджери Анара Момунова алып барып, жетектеди

Ак-Кыя айыл айыл аймагынын активисти айылдагы көйгөйлөрдү айтышты

Төлөк айылында аткарылган иштер жана пландар тууралуу айыл активисти Салтанат Абласова тааныштырды

Сары-Булак айылында көйгөйлөр көп экенин айыл активистти билдирди

Көйгөйлөр аныкталган соң чечүүнүн жолдору каралды

Түзүлгөн пландарды кантип аткаруу керектиги жөнүндө Айыл өкмөт башчысы Майрамбек Асанбаев өзүнүн билдирүусүн жасады

Демилгелүү топ тузүлүп, аларга тапшырмалар берилди

Жайыт эң чоң көйгөй экени белгиленип, кийинки окуулар чабандар үчүн уюштурулмакчы болду

Быйылкы жылдын жай мезгилинде жайыт боюнча иш-чаралар өткөрүү тизмеги тизмектелди
Бул окууда ИСУР коомдук фонду тарабынан «Сон-Көлдөгү биоартүрдүүлүктү коргоо жана туруктуу жашоого көмөк көрсөтүү» деген темада атайын баяндама жасалып, анда жайыттын бүгүнкү абалы тууралуу жана аны сактап калуудагы аракеттер жөнүндө пландар түзүлдү. Аны менен катар Сары-Булак айыл өкмөтүнө кирген үч айыл аймагын тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топтор бир жыл тынымсыз иш алып барып, чакан гранттар менен иштешүүгө бел байлашты. Бул тузүлгөн пландын сап башында чабандарды окутуу, фестиваль өткөрүү, долбоорлор менен иштөө турат.
Бурул Майрамбек кызы