Төлөк айылында 1987-жылы курулуп, союз тарагандан бери ишке кирбей калган Бучук БСРи ишке кирди. Мындай ишти колуна алган Жеңишбек Талантбек уулу 5 айдан бери талыкпай иштеп суунун нугун алгачкы кардарына бурду. Айылдын түндүк тарабында жайгашкан 70гектар жер суунун жетишсиздигинен тоют бербей келген. Эми минтип 5100км жерден чогулуп келген суу БСРге топтолуп, андан соң айдоолорго бурулууда. Буюрса суу боюнча көйгөй чечилип, анын үзүрү көрүлүп жатат.
Бурул Майрамбек кызы