18-19-августта жааган жамгырдан улам Соң-Көлгө кетүүчү жолдордо кыян жүрдү
Төлөк айылындагы Соң-Көлгө кетүүчү жолдун 3 км ден 5 км ге чейинки жолдордун айрым бөлүктөрүнө кыян каптап, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Кыян тоодон кум менен шагылды агызып, жолду бүтөп салган. ДЭУнун кызматкерлери жардамга келгенге чейин Төлөк-Ак-Кыя муниципалдык ишканасынын техникалары менен алгачкы иштер көрсөтүлүп, өтө албай токтоп калган машиналарды өткөрүштү.
ДЭУ кызматкерлери келгенден кийин жол толугу менен таң атканга чейин тазаланды.

Жай мезгили жаанчыл болгондуктан, кыян жүргөн жерлер улам тазаланып турган. Бирок кыян эч кандай оор кесепеттерге кептеген жок.
Бурул Майрамбек кызы