Сон Кол

Мектептин жылуулук системасы жаңыртылды

23 Август 2024 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны: 53

2024-жылы Нарын облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 43  долбоорго акча каражаты бөлүнгөн. Анын катарында Кочкор районундагы Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинин жылуулук системасы киригизилген. Ал долбоор ишке ашып, мектептин жылуулук системасы толугу менен жаңыртылды.

Жумушчулардын иштөө учуру

Кочкор району боюнча дем  берүүчү гранттын эсебинен 11 объектиге акча каражаты бөлүнгөн. Бөлүнгөн акчанын 800 000 сому Соң-Көл орто мектебинин жылуулук системасына жумшалды. Мектептин эски жылуулук системасы 1986-жылы мектеп курулганда салынган. Бирок ал талапка жооп бербей, класстарды толук жылыта алчу эмес. Ал жылуулук системасы  25 жана 15 диаметрден турган тутүкчөдөн гана коюлган.

Эски жылуулук системасы ушундай көрүнүштө болгон

Ал эми азырка жылуулук системасынын шаймандары Туркия өндүрүшүнөн чыккан сапаттуу деп эсептелип жалпы 60 орунга коюлду. Дем берүүчү гранттан сырткары Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300 000 сом бөлүнгөн. Жалпы жылуулук системасы 1млн 100 миңге коюлду. Мунун ичинде кызмат акылар да каралган.

Ар бир бөлмөгө ченемдик талаптардын негизинде системалар коюлуп, иштер дыкат аткарылды. Мектептин жылуулук системасы кышкыга толугу менен даяр.

Бурул Майрамбек кызы