Төлөк айылындагы ички жолдор оңдолуп, ички көпүрөлөр иретке келтирилди.
Сары-Булак-Ак-Кыя муниципиалдык ишканасанын техникаларынын жардамы менен айылдагы начар деп эсептелген ички жолдорго кум-шагыл төгүлдү.

Ички жолдор буга чейин 2023-жылы иретке келтирилип, жаңы жолдор ачылып, мыйзамсыз жолдор жабылып, ички суу кетүүчү арыктарга көпүрөлөр салынган.

Жалпы 1 жарым километр жерге кум төгүлүп, унаа өтүүчү арыктагы көпүрөлөр кум-шагыл менен түздөлгөн.

Оңдолгон жолдордун көпчүлүгүн жаңы конуштар түзөт.

Жолдорду оңдоо иштерине Айылдык Кеңештин депутаттары жалпы бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берген.

Жасмина Мырзабекова