Соң-Көл көлүнүн жанындагы биоартүрдүүлүктү коргоо жана туруктуу жашоого көмөк көрсөтүү максатында Төлөк айылында «Соң-Көлдү сактайлы! Из…» деген аталышта райондук деңгээлде фестиваль болуп өттү.
ИСУР коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлгөн фестиваль «Кыргыз кайрыктары» ансамбль тарабынан форум-театр багытында өткөрүлүп, ага райондук администрация жетекчилери, райондук маданият кызматкерлери, Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери, илимий изилдөөчүлөр, айыл өкмөт кызматкерлери, айыл тургундары, экологиялык активисттер, мектеп окуучулары катышышты. Бул фестиваль экинчи ирет өткөрүлүүдө. ИСУР коомдук бирикмесинин колдоосу менен Соң-Көл мультимедиа борборунун уюштуруусу менен бул фестиваль улам жаңы аталыш менен жылыга өткөрүлүп турмакчы.
Бул видео Sida уюмунун финансылык колдоосунда ForumCiv аркылуу түзүлгөн. Sida жана ForumCiv бул видеону түзүүгө катышкан жок жана анын мазмуну же андан берилген ой-пикирлер үчүн жооптуу эмес.









Бурул Майрамбек кызы